Эне жана баланы коргоо борборунда Германиядан келген доктурлар менен биргеликте үстүнкү эрини жырык жана таңдайы тешик балдарга операция жасалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде аталган борбордун бет-жаак хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Алтынбек Мамыралиев маалымдады.
“Бул иш-чара 2003-жылдан бери иштеп келе жатат. Германиядан жыл сайын 2 жумага 3 бет-жаак хирургу, 1 стоматолог-ортодонт жана 1 логопед келип кетет. Орто эсеп менен эки жума ичинде 50-60 балага операция жасалат. 150-200гө жакын адам адистерден кеңеш алат”,- дейт бөлүм башчы.
Маалыматка таянсак, Кыргызстанда төрөлгөн балдардын 650сүнүн ичинен бирөөсүнүн үстүнкү эрини жырык же таңдайында тешиги бар болуп чыгат.