2-апрель түнү өрт кырсыгынан улам үй-жайсыз калгандарга материалдык жардам көрсөтүлдү (фоторепартаж)

Бүгүн Биринчи Май райондук акимчилиги тарабынан 2-апрель түнү өрт кырсыгынан улам үй-жайсыз калгандарга материалдык жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Анда аталган райондун акими Аскербек Алиев өрттөнүп кеткен документтерди калыбына келтирүүдө жардам көрсөтөрүн белгиледи.

Жабыркагандарга ар тараптуу жардамдар берилет. Бир-эки күндүн ичинде дарыгерлердин тобу келип, медициналык жардамдар көрсөтүлөт”,- деди район башчысы.

Ал эми жабырлануучу Алтынай Шермекова өрт бат эле жалындап күйүп кеткендиктен, керектүү документтерди алганга жетишпей калганын айтат. Өрттүн эмне себептен келип чыкканын билбей калдык. Бат эле жалындап күйүп кетти. Өрт чыккан учурда балам, жолдошум үчөөбүз үйдө болчубуз. Анан дароо эле экинчи кабаттан жерге секирип түштүк. Документтерибизди алганга жетишпей калдык.

Ар ким колдон келген жардамын берип жатат. Үч чатыр тигип беришкен, бирок суук болгондуктан, аларда эч ким жашабай эле. Өрттөнгөн үйлөрдү куруп беребиз деп эч ким айта элек. Учурда курулуш компаниялары менен сүйлөшүп жатабыз”,- деди ал.

Эске сала кетсек, 2-апрель түнү Бишкек шаарынын Манасчы Сагымбай көчөсү-168-дарегиндеги 2 кабаттуу көп батирлүү үйдө өрт кырсыгы катталган. Анда 8 батир толугу менен күйүп, эки адамдын өмүрү кыйылган.  

Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себептери тактала элек.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан