Мэр Кубанычбек Кулматов бүгүнкү иш сапарында райондук акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү ниетин билдирди (фоторепортаж)

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Октябрь районунун көйгөйлөрү менен таанышып чыкты. Иш-чарага аталган райондун акими Камалдин Токтосартов да катышып, шаар башчысынан бир нече жолу эскертүү, бир нече жолу каалоо-тилек укту. 

Иш сапардын жүрүшүндө Малдыбаев көчөсүндөгү Ала-Арча дарыясында көпүрө сыяктуу курулган "1:0" спорттук кафе-барынын мыйзамсыз курулгандыгы жана анын 1,5 жылдан бери иштебей тургандыгы аныкталды. Андан соң Кубанычбек Кулматов 10-кичи районунда жайгашкан 4-искусство мектебин куруу боюнча маселени талкуулады.
"Орто-Сай" базарына барганда борбордун мэри эки курч көйгөйгө кабылды: гезит сатуучу жайдын адам өтүүчү жолдо жайгаштырылганы жана дүкөндү мыйзамсыз салуу.
Албетте, Кубанычбек Кулматов Түштүк магистраль – Тынчтык проспектинин кесилишиндеги унаага май куюучу жайды көңүл сыртында калтырган жок. Ал эми иш сапар курулуп жаткан муниципалдык наабайканада аяктады.
Иш-чара соңуна келгенде мэр район акимдеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө ниеттенип жатканын журналисттерге билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан