Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атайын түшүрүлгөндүктөн, 12-апрелге чейин жол жабык болот

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарындагы коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 9-апрелден 12-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – премьер-министрдин 2014-жылдын 8-апрелиндеги №12-буйругу чыккан.

Бул буйрукту аткаруу максатында артиллериялык топ түзүлүп, Бишкек-Ош унаа жолунда артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чаралары 2014-жылдын 9-апрелинде башталат. Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан сааттарда аталган унаа жолу убактылуу жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tagokg
2014-04-09 09:44:52
10апрелден кийин аткылап тушурсо болбойт бекен?
+3
acer11
2014-04-09 09:52:26
tagokg, кызык 10нан кийин кочку тушурсо болбойтда бугун кар кочку тушуруш керек жолду жаап себеби бийликти эптеп сактап калыш керек.Эртенки митинге эл келбесин деп ошол артилериясын баткенге жонотсо болот элего чек араны бекемдеп.
+2
tagokg
2014-04-09 10:08:34
acer11, тушундум, бугун тушурбосо эртен кочку эч тушпой калышы мумкун экен. Эх бийлигин курусун..
+3
tairbek.
2014-04-09 09:48:39
Бийликтин ойлоп тапканын кара митингке каршы бийлигин кургур
+1
misster88
2014-04-09 14:56:56
Бийлик ойлоп таапканыны кара мен мындайды кутподум эле бийликтен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан