Билим берүү жана илим министринин орун басары жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапаты менен таанышты

Бишкекте кечээ, 8-апрелде КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул 

Ишекеев бир катар ЖОЖдорго барып, студенттердин сабакка катышуусун жана билим берүүнүн сапатын

текшерип кайтты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка таянсак, Н.Ишекеев И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине, академик У.Асаналиев атындагы

Тоо-кен иши жана тоо-кен технология институтуна, Бишкек техникалык колледжине барды. 

Басма сөз кызматы билдиргендей, мындай текшерүүлөр эми байма-бай жүргүзүлүп турат жана студенттердин сабакка катышуусу менен билим берүүнүн сапатынын деңгээли көзөмөлгө алынмакчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан