Кыргызстанда дааватчылардын кийимдери улуттук колоритте тигилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, муфтияттын даават, үгүт-насаат бөлүмү дааватчылардын сырткы кийимдерин оңдоо максатында Кыргызстандын шартына ылайык улуттук үлгүдөгү кийимдерди иштеп чыкты. Жалпысынан алар үчүн 1200 даана кийим тигилди.
Бишкек шаарындагы борбордук мечитте муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов даават курсунун окуучуларына жаңы үлгүдөгү кийимдерди көрсөтүп, окуучуларга белек катары берди.