“Эртең, 10-апрелде Улуттук оппозициялык кыймыл уюштурган митингде 3 миңге чукул биздин кыймылдын өкүлдөрү ыктыярдуу элдик топ болуп, коопсуздукту коргойт”,- деп бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында “Жаштар өкмөтү” жаштар кыймылынын лидери Максат Кунакунов билдирди.
Анын айтымында, эртеңки митинг менен аталган кыймылдын кызматы аяктабайт.
“Биз жаштар менен тыгыз мамиледе иштешип, жаңы өкмөттү түзүүнү пландап жатабыз. Ал эми учурдагы өкмөткө биздин өкүлдөр кирбейт”,- дейт активист.