Бишкекте бүгүн, 9-апрелде Апрель окуясында массалык өлтүрүү жана кылмыштуу буйрукту аткаруу боюнча айыпталган аскерлерди коргоо талабы менен митинг өттү. Катышуучулар айыпталган аскерлердин сот иши акыйкатсыз болгондуктан, төрт жылдан бери бүтпөй келе жатканын айтышты.
“Калыстык болуш керек, “Альфанын” 20га жакын кызматкери бийликтин колундагы оюнчугу, курмандыгы болуп калды десем жаңылышпайм. Президент, ошол кездеги бийлик жетекчилиги өлкөдөн качып кетти. Азыр алар эс алып, чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Ал эми күнөө, жоопкерчиликтин баары 20 адамдын моюнуна илинип калды”,- дейт “Альфанын” экс-командиринин тууганы Эльмарт Узакбаев.
“Мындай мамиле менен мамлекетти эртең ким коргойт?”, "Аскер кызматкерлери менен элди душман кылбагыла" деген сыяктуу ураандар жазылган транспаранттар менен аталган митингге 100гө жакын адам катышты.