“Биз бийликке келсек, бир гана жаштарды эмес, улуу муундарды заманбап кесиптерге үйрөтөбүз”,- деп бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында “Жаштар өкмөтү” кыймылынын өкүлү Уран Болуш билдирди.
Анын айтымында, аталган кыймылдын программасы түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда алтын, көмүр жана башка кендерди иштетүү керексиз деп белгиленген.
“Биздин өлкө адамдык ресурстарга бай. Ошону жакшы пайдалансак, мамлекеттин экономикасын өнүктүрө алабыз”,- дейт Уран Болуш.