Бүт өмүрүн театрга арнаган залкар инсан, КРнын Эл артисти Бакирдин Алиев бүгүн, 9-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.
81 жаш курагында дүйнө салган талантты акыркы сапарга узатууга анын жакындары, дос-туугандары жана бир кезде театрда, кино жаатында бирге иштешкен инсандар келишти.
Эске салсак, Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган. Ал 7-апрелде дүйнө салганы маалым болгон. Залкар талант кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылган.