Орусиялык басылмалардын бири “Мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин аскер кызматы: Кыргызстан” деген темада атактуу сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүн топтогон. Аталган топтомго көбүнчө акыркы 10 жылдагы сүрөттөр кирген. Анын ичинде 2005-жылдагы Март окуяларына, 2010-жылдагы Ош окуясына байланыштуу сүрөттөр да бар.