Бүгүн, 9-апрелде ИИМдин
Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы
"Учурда Алай районунун борбору Гүлчө айылында
коомдук-саясий абал туруктуу. Абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат" деп билдирди.
Маалыматка ылайык, камакка алынган депутат А.Келдибековдун онго чукул тарапташы менен райондун акими сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
"7 миң адам Алай райондук администрациясын басып алды, имарат
өрттөндү. Ал эми аким белгисиз тарапка качып кетти" деген маалымат
чындыкка туура келбейт. Райондук имараттын эки терезеси жөөлөшүү учурунда
сынган. Башка чыгымдар жок. Аким өз кызмат ордунда иштеп жатат. Биздеги
маалыматтарга ылайык, райондук акимчиликтин алдына чыккан элдин саны 200гө жакын" деп айтылат маалыматта.