Өкмөт жооп берет: Айылдан шаарга келип жашап калган жаштарга жер тилкеси берилеби же мындай мүмкүнчүлүк мамлекеттик кызматта иштегендерге эле тиешелүүбү?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Айылдан шаарга келип, көп убакыттан бери ушул жакта иштеп-жашаган, аз камсыз үй-бүлөлөр шаардан жер тилкесин бекер ала алышабы? Же муну бир гана мамлекеттик жумушта иштегендер алышабы?Карапайым, үй-жайы жок, жөнөкөй ишкер, жаш балдары бар үй-бүлө мындайга укугу жокпу?

Угушума караганда, көп эле үй-бүлө кезекке туруп жер же көп кабаттуу үйдөн батир алышат экен. Мунун кандай жолдору бар жана эмнеге баарына жеткиликтүү эмес? Суроо калтырган Bagirra

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177-токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун» 7-9-пункттарында төмөндөгүдөй айтылат: 

7. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкесин алуу укугу Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жарандарына таандык:

- ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында Бишкек жана Ош шаарлары үчүн 3 жылдан, калган аймактар үчүн 1 жылдан кем эмес жашагандар; 
 - Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер тилкеси жоктор; 
 - турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды эсепке албаганда, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жоктор; 
 - кийинки 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.у.с. бүтүмдөрүн түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатуучу жарандык-укуктук иштерди жасабагандар;
 - 2010-жылдын апрель, июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары  (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N23-токтомунун редакциясына ылайык). 
 8. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкесин алуу үчүн талапкер адам тийиштүү атайын укуктук органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат: 
 - аныкталган формадагы арыз; 
 - ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү; 
 - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктук мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер тилкеси жоктугу тууралуу маалым каты; 
 - эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо); 
 - эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);
 - атайын укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалым каты; 
 - турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда); 
 - жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалым кат (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июну, N276- токтомунун редакциясына ылайык). 
 9. Жеке менчик турак үй курууга жер тилкесин алуу үчүн тийиштүү атайын укуктуу органдарга документ тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erikkarakulja
2014-04-09 21:29:42
ээ каяктагы нерсе мен ала албай эле койдумго айылдан шаарга келип. АКЧАН болсо анан АЛАСЫН!!!!
0
mursalim
2014-04-09 22:16:14
Берсе жакшы болмок жок нерсени айтып
0
eprel17
2014-04-09 23:33:50
2005жылдагы закон иштейби азыр деле
0
wwwbaxa
2014-04-10 00:40:03
акчан болсо жазыла элек закон да иштей берет............
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан