Эртең, 10-апрелде Бишкектин М.Горький атындагы сейил багында митингчилер үчүн 16 атайын талаа жерине ылайыкташкан даараткана орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) лидери Равшан Жээнбеков интернет аркылуу жарыялады.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын мэриясы, УОК жана "Нарын" ишканасы макулдашып, митинг болчу жерге 16 атайын талаа жерине ылайыкташкан даараткана коюлмай болду. Андан тышкары тегеректи таза кармоо максатында 6 таштанды контейнери коюлат.