Ош шаарынын жаштары жакшылык жумалыгынын алкагында "Боорукердик" балдар үйүндө болушту. Бүгүн, 9-апрелдеги иш-чара “Биз менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөрт!” аттуу ураандын астында өттү.
Балдар үйүндөгү аянтчаны жана эс алуучу орундуктарды сырдоону "Наш голос" коомдук фонду менен "Youth of Osh" коомдук уюмунун ыктыярдуу волонтёрлору колго алышкан. Муну менен чектелбестен, көчөттөрдү отургузушту. Бул тууралуу аталган акциянын уюштуруучулары маалымдашты.
«Жаштардын жакшылык жумалыгы-2014» акциясы 7-апрелде башталган. Бүткүл Кыргызстан боюнча өтүп жаткан иш-чаралар 13-апрелге чейин уланат. Кыргызстандын бардык аймактарында миңдеген жаштар ушул күндөрү «Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!» урааны менен колдоого жана көңүл бурууга муктаж адамдар үчүн 100дөн ашуун социалдык иш-чараларды уюштурушат. Демилге «Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы» кампаниясы тарабынан ишке ашырылууда.