“Өзүңүздөр билгендей, биздин жумуш кир, бирок бизге эч кандай көңүл буруу жок. Унаалардын көбү бузук. Айлыгыбыз 10 миңге жетпейт, аны да өз убагында ала албайбыз”,- деп билдирди атын атагысы келбеген кызматкер.
Маалыматка ылайык, нааразылык акциясына “Тазалыктын” 500гө жакын кызматкери чыккан. Учурда аларга шаардын мэри К.Кулматов келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Эске салсак, 28-мартта "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Абдукарим Сакиев сынак өткөнгө чейин дайындалган. Ишкананын кызматкерлери "Тазалыктын" жетекчилигине тажрыйбасы бар, ал чөйрөнү билген киши дайындалышын да талап кылууда.