Кечээ, 9-апрелде Кара-Суу районунун акими
Тилекбек Матраимов Шарк айыл өкмөтүндөгү Фуркат айылында жайгашкан мал базардын абалы менен таанышты. Базардын абалы санитардык талапка жооп бербегени, өрткө каршы эч кандай чара көрүлбөгөнү аким жеринен таанышканда белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде басма сөз катчысы
Турусбек Матиев билдирди.
Маалыматка ылайык, мал базардын жетекчиси Рыспек Жолдубаев бүт кемчиликтер 1-майга чейин жоюларын билдирди.