Бүгүн, 10-апрелде ЖКнын депутаты Уланбек Нуркулов «Ар түрдүү маселелер» саатында Жалал-Абад облусунун Барпы айыл аймагында коңшу республика тарабынан жылма миграция болуп жаткандыгын эскертти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, депутат чек аранын бул тилкелеринде бир чек ара заставасынын бар экенин, анда болгону 25 жоокер кызмат өтөөрүн жана коңшу республиканын жарандары Кыргызстандын аймагына акырындап жылып, курулуштарын жүргүзүп жатканын билдирди.
«Өкмөт бул чек ара аймагына өзгөчө көңүл буруусу керек»,- дейт депутат.