Каракол шаарынын борбордук аянтындагы митинг маалында 8 адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов маалымдады.
Маалыматка ылайык, 8 адам Каракол шаардык Ички иштер бөлүмүнө алынып келинди. Учурда аларга карата тиешелүү териштирүү жана тактоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле тергөөчүлөр тарабынан митингде унаасынан таш табылган эки жаран суралып жатат.