Бишкекте 14-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстандагы Түркиянын ыйгарым укуктуу элчилигинин Дин иштери боюнча кеңеши менен биргеликте Мухаммед пайгамбардын (С.А.В.) туулган айына карата “Куттуу жумалык” өтөт.
“Урматтуу мусулмандар, шаарыбыздын тургундары жана коноктору! Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (С.А.В.) туулган айына карата уюштурулуп жаткан “Куттуу жумалык” аземине келип, сый конок болуп кетиңиздер” деп айтылат аталган башкармалыктын билдирүүсүндө.
Иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов жана бир топ белгилүү адамдар пайгамбардын өмүр баянынан айтып беришмекчи.