Рио-де-Жанейродо легендарлуу дарбазачы Лев Яшиндин эстелиги тургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Динамо” клубунун жана СССРдин курама командасынын экс-дарбазачысына тургузула турган эстеликтин узундугу 6 метр келет. Бул эстеликтин ачылышы 21-22-июнга туураланууда. Бул күн москвалык “Динамо” клубунун түзүлгөн күнү катары белгилүү.