Бишкекте бүгүн, 10-апрелде митинг өткөн Максим Горький атындагы сейил багына жакын жайгашкан соода борборлорунун айрымдары жабык бойдон турат.
Белгилей кетсек, Киев - Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Бишкек-Парк" соода борбору жабылбаганы белгилүү болду. Чүй - Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Бета Сторес" митинг учурунда жабылып, иш-чара аяктаганда ачылыптыр. Учурда анын 1-кабаты эле иштеп жатат. Ал эми Киев - Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Караван" соода борбору учурда жабык турат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 10-апрелде саат 11:00дөн 15:00гө чейин Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкектин Максим Горький атындагы сейил багында
митинг өткөрдү.