Ош шаарынын жаштары кайрымдуулук жумалыгында карыларга кам көрүштү

Бүгүн, 10-апрелде “Жаштардык жакшылык жумалыгы-2014” акциясынын алкагында Ош шаарынын жаштары карыларга кам көрүштү. Юсупов атындагы орто мектептин волонтёрлор клубу Октябрь райондук карылар үйүндө болушуп, концерттик программа тартуулашты. Саамалыкта белектер берилип, иш-чара жагымдуу маанайда өттү. Аталган акцияга 25 ыктыярдуу волонтёр катышты. Белгилей кетсек, жогорудагы карылар үйүндө 95 адам жашап турат. Бул тууралуу "Youth of Osh" коомдук уюмунан билдиришти.

Мындан сырткары карыларга кам көрүү иштери Ош облусунун Кара-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондорунда өттү. Анда жаштар жалгыз жашаган карылардын үйүнө барып, короосун тазалаганга жана башка тиричилик иштерине жардам беришти. 

«Жаштардын жакшылык жумалыгы-2014» акциясы 7-апрелде башталган. Бүткүл Кыргызстан боюнча өтүп жаткан иш-чаралар 13-апрелге чейин уланатКыргызстандын бардык аймактарында миңдеген жаштар ушул күндөрү «Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!» урааны менен колдоого жана көңүл бурууга муктаж адамдар үчүн 100дөн ашуун социалдык иш-чараларды уюштурушат. Демилге «Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы» кампаниясы тарабынан ишке ашырылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан