Ички иштер министрлиги: Замир Мендибаев "Каптагаевди барымтага алды" деп шектелип издөөдө жүргөндүктөн, бошотулган жок

Бишкекте кармалган активист Замир Мендибаев "Каптагаевди барымтага алды" деп шектелип издөөдө жүргөндүктөн, бошотулган жок. Ал УКМКга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдураимов маалымдады.

Буга чейин айтылгандай, М.Горький атындагы сейил бакта өтө турган оппозиция митингине баруу үчүн 20га чукул жаран Өчпөс оттун жанында чогулушкан. Көп өтпөй алар милиция тарабынан ички иштер органдарына алынып келген. 

Тактоо иштеринин жүрүшүндө алардын арасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1980-жылы туулган Замир Мендибаев да бар экени аныкталган. Ал "октябрь айында "Кумтөргө" каршы акцияда өкмөттүн облустагы өкүлү Каптагаевди барымтага алган" деп шектелип, издөөдө жүргөн. Учурда активист УКМКга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан