Саруу айылынын тургуну активист Замир Мендибаевдин бир айга камакка алынганын айтты

Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте Саруу айылынын активисти Замир Мендибаев бир айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну Абай Узаков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен милиция кызматкерлери Мендибаевди алып кетишкен. Түштөн кийин аны Улуттук коопсуздук комитетке которушуп, ал жактан суракка алышкан. Соттун санкциясы менен ал 15-майга чейин камакка алынды.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-апрелде саат 11:00дөн 15:00гө чейин Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкектин Максим Горький атындагы сейил багында митинг өткөрдү. Иш-чарага Саруу айылынын активисти Замир Мендибаев катышмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан