Бычакталган МАИ кызмактерине жасалган операция ийгиликтүү өттү

9-апрелде Бишкектин Тынчтык проспекти менен Москва көчөсүнүн кесилишинде бейтааныш жаран тарабынан бычакталган Жол-кайгуул кызматкерине жасалган операция ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторов кабарлады.
Анын айымында, учурда жабырлануучу ооруканада жатат. Ал керектүү дары-дармек менен камсыздалган.
Эскерте кетсек, 9-апрелде саат 11:30 чамасында Бишкектин Тынчтык проспекти менен Москва көчөсүнүн кесилишинде эки жол-кайгуул кызматкери кызматын өтөп жатышкан. Ошол учурда бейтааныш жаран инспектордун аркасынан келип, жол-кайгуул кызматкерлеринин биринин сол тарабына эч себепсиз бычак сайган. Кийин дагы бычактоого аракет кылганда экинчи инспектор ага тоскоолдук жараткан. Мындан улам бычак менен тап берип, аны да кубалап жөнөгөн. МАИ кызматкери тапанчасы менен атууга аракет кылган. Бирок куралдан ок чыккан эмес. Ошол эле жерден тартип бузуучу милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Жол-кайгуул кызматкерине кол салган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан