Орусиялык хирургдар дүйнөдө алгачкылардан болуп “da Vinci” системиндеги ассистент-роботтун жардамы менен пластикалык операция жасашты. Аталган аппарат буга чейин кардиология, урология жана гинекология жаатында колдонулуп келген. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта белгиленгендей, бетти жашартуу операциясы Москванын №31-шаардык клиникалык ооруканасында 2,5 саат жасалып, кардар экинчи күнү эле үйүнө чыгарылган.
Төрт колдуу “da Vinci” аппараты максималдуу стерилизацияланган шартта узак жана оор операцияларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган роботту хирург дистанциондук шартта башкарат. Ал эми ага орнотулган камера операция болуп жаткан жерди 3D форматында бир нече жолу чоңойтулган режимде көрсөтөт. Орусияда бүгүнкү күндө 20га жакын ушул сыяктуу роботтордун жардымын колдонушса, дүйнө боюнча мындай роботтордун саны 200-300дөн ашат.