11-14-апрель күндөрү Бишкекте жаан жаайт. Мындай маалыматты "Гисметео" аба ырайын маалымдоочу ишкананын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 15-17-апрелде күн ачык болсо, 19-23-апрелде жаан күтүлөт. Апрель айынын ичинде абанын температурасынын орточо көрсөткүчү күндүз +10...+19, түнкүсү +2...+7 болот.