"10-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өтчү митингге унаа менен таш ташып бара жаткан" деп айыпталган 8 жаран бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде
SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы
Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 10-апрелде саат 11:30да Караколдогу Ысык-Көл облустук администрациясынын жанында митинг пландалган. Шаарга кирүүчү жолдо текшерүү иштеринин жүрүшүндө бир нече унаадан таштар табылган. Ошонун негизинде 8 адам кармалган.
"Айыпталуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кечке жуук бошотулган",- дейт Усубакунов.