Ошто 2014-жылы Орусияга кетүү боюнча кайрылгандардын саны азайган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде миграция бөлүмүнүн башкы адиси Салима Исмаилова билдирди.
“Буга ошол эле коңшу өлкөнүн мигранттарга тиешелүү мыйзамдарынын тез-тез өзгөрүп, катаалдап кеткени себеп болгон. Ошого карабай түрдүү жолдор менен Орусиянын аймагына кирип кеткен мекендештерибиздин аягы үзүлө элек”,- дейт ал.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктарды иш менен камсыздоо боюнча Кыргызстан эки гана өлкө менен келишимдик негизде иш алып барат. Алар Орусия менен Түштүк Корея болуп саналат.