Кыргызстанда 11-14-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

11-14-апрель күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Ал эми 12-14-апрелде өрөөндөрдө жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын мол жаайт. 13-15-апрелде абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -1…-6 градус болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы +1…+6 градуска чейин төмөндөйт. 

"Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат. Мындай күчтөнгөн үшүк бүчүр ачып жана гүлдөп калган мөмөлүү бактарга өтө коркунучтуу. Мындан тышкары 11-12-апрелде абанын жылуу температурасына жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү күтүлөт",- деп кошумчалады КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан