Кечээ, 10-апрелде өткөн митингде милиция кызматкерлери тарабынан 4 адам митингди уюштуруу жана акча таратуу боюнча шектелип кармалган. Алардын өздүгү такталып, текшерүү иши жүргүзүлгөн соң кайра бошотулган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, кечээ, 10-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта Ахматбек Келдибековдун тарапташтары аны үй камагына чыгаруу талабы менен тынчтык митингин уюштурушкан.