“Түркиянын ыктыярдуу педагогдору” уюму уюштурган “Эскишехир – түрк дүйнөсүнүн борбору” иш-чараларынын алкагында “Дизайн жана ойлоп табуу” темасындагы долбоорлордун сынагы өтөт. Ага Кыргызстандын окуучулары катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу кечээ, 10-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Министрлик билдиргендей, илимий олимпиадага Түркия, Азербайжан, Түндүк Кипр, Татарстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Македония, Косово, Босния жана Герцеговина, Албания, Молдова жана Крымдын (Украина) 10-15 жаштагы 4, 5, 6, 7, 8-класста окуган окуучуларынын катышары күтүлүүдө.