“Ардагер” пансионунда Эл аралык ден соолук күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын “Ардагер” пансионунда Эл аралык ден соолук күнүнө карата ден соолукту чыңдоо багытындагы иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, «ADA» жана «HelpAge International» эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө улгайган адамдар үчүн медициналык текшерүүлөр, ден соолукту чыңдоо багытындагы таңкы чуркоолор жана башка иш-чаралар уюштурулду. Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы З.Абылаев: “Шаардык “Ардагер” пансиону 1996-жылдан баштап иштейт. Жыл сайын 80ге жакын шаардык ардагерлер ден соолуктарын чыңдап, эс алып турушат. 2013-жылы пансиондо 882 ардагер эс алган”,- деди.  

Андан тышкары Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы КРнын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте аталган пансиондун базасында улгайган адамдар үчүн геронтология борборун ачуу боюнча маселени кароодо. Борбордо ардагерлерге медициналык кызматтар, профилактикалык жардамдар көрсөтүлүп турмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан