Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти мыйзамсыз курулган жеке турак жайларды бузуу боюнча иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде аталган департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Бишкек шаарынын Чалбай жаңы конушунда уруксатсыз курулган, узундугу 5 метр темир дарбазалуу короо үй ээсинин өз ыктыяры менен бузулду.
Жер тилкесинин ээси Рахат Курманалиева административдик жоопкерчиликке тартылып, ага 10 000 сом өлчөмүндө айып төлөтүү чечими чыкты.