Баткен облусунда өтө турган II Эл аралык форум 17-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Анын айтымында, форумду өткөрүү күнү Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отуруму менен дал келип калганына байланыштуу 17-апрелге жылдырылды.
Эске салсак, II Эл аралык форум 15-апрелге белгиленген болчу.