Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунун жашоочулары Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин ишине нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү тургун Жаңылай Ибрагим кызы билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташууда график менен иштебей жатат жана айдоочулар жүргүнчүлөргө, өзгөчө мектеп окуучуларына орой мамиле кылышат.
Мындан сырткары райондун жашоочулары маршруттук каттамдын саат 19:00дөн кийин токтоп калгандыгына нааразы. Жок дегенде саат 21:00гө чейин каттам болушу керек экенин айтышууда тургундар.