Кыргызстан Украинадагы кризистен пайдаланышы керек. Муну бүгүн, 14-апрелде Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Украинада болгон окуялар бир катар мамлекеттерге геосаясий таасирин тийгизип жатат, андан айрым мамлекеттер пайдаланууда. “Айрымдар экономикалык жактан, айрымдар саясий упай топтоп жатат”,- деди Текебаев.
Депутат: “Бардыгы Орусияны күнөөлөп, санкциялар менен басым көрсөтүп жатышат. Орусия өнөктөштүккө муктаж. Биз ал өлкө менен жакын кызматташтыкты сакташыбыз зарыл, демократияны сакташыбыз керек”,- деди эл өкүлү.