Колорадо штатына медициналык максатта марихуана сатуучу алгачкы автомат орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Кабарлангандай, "American Green" ишканасы иштеп чыккан бул автомат "Zazz" деп аталат. Автоматтын кызматын каттоодо турган оорулуулар атайын карталардын жана PIN-коддун жардамы менен колдоно алышат. Анда көптөгөн камералар орнотулган жана алар кардарлардын өздүгүн аныктоодо мыкты кызмат аткарышат.
"American Green" ишканасынын өкүлдөрүнүн айтымында, мындай автоматтар эми марихуана сатууга лизенциясы бар пункттарга гана коюлмакчы.