Депутаттар жетимдерге бекер жер тилкесин эмес, даяр үй берүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева: “Жетимдерге бекер жер тилкесин бергенибиз менен, алар кайсы акчасына үй курушат?”- деди. Депутаттын пикиринде, аларга бекер жер тилкесин эмес, даяр турак жай берүү керек.

“Жетим балдардын жашоосуна мамлекет колдоо көрсөтүшү керек. 17 жашка чейин алар жатак-үйлөрдө болушат, андан кийин көчөдө калышууда. Жогорку окуу жайга тапшырбаса, аларга жатакана берилбейт. Көпчүлүгү кылмыш чөйрөсүнө аралашып кетүүдө”,- деди Ниязалиева.

Айта кетсек, ЖКда бүгүн, 15-апрелде жатак-үйлөрдөн тарбияланып чыккан ата-энесиз балдарга кезексиз жер тилкесин берүү маселеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан