Акыйкатчы: “2013-жылы Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага 400 кат жөнөткөн”  

2013-жылы Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага 400 кайрылуу жөнөткөн. Муну парламенттин 16-апрелдеги жыйынында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. Акыйкатчы кайрылууларга жетиштүү жооп болбогонун айтат.

“Орой айтылса кечирип койгула. Башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн атына барган карапайым калктын калктын кайрылууларына төө десең бээ дегендей жооп берди”,- деди акыйкатчы.

Аманбаев 2013-жылы Акыйкатчы институтуна келип түшкөн кайрылуулардын 59 пайызы күч түзүмдөрүнүн ишине байланыштуу болгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан