Дамира Ниязалиева: “Улуттук банктын жетекчиси тегерегиндеги интригалардан тажаганынан кызматтан кетип жатат окшойт”

Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-апрелде депутаттар Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоеванын кызматтан кетүү маселесин кароодо. Депутат Дамира Ниязалиева банктын төрайымы өзү жасаган иштердин курмандыгы болду деген ойдо.

“Асанкожоева жөндөн-жөн эле кызматын тапшырып жаткан жок, бул кишинин айланасында көптөн бери интригалар жүрүп келген. Муну көрмөксөн боло албайбыз. Менимче, интригалардан тажап, "баарына тойдум" деп кызматтан баш тартууда. Туура эмес иштерди тууралап, катуу талап орноткону үчүн кызматынан кетип жаткандай сезилүүдө. Анын жасаган иштерин баарыбыз жакшы билебиз”,- деп билдирди Ниязалиева.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан