Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев “Бажы биримдигине кирсек эмне утушка ээ болорубуз боюнча кенен маалымат ала албай жатам” деп нааразы болду. Депутаттын билдиришинче, өкмөттөн берилген маалыматта биримдикке кирүүнүн күнгөй-тескейи камтылган эмес.
“Мага маалымат беришти, ал документте жол картасы эмне экени түшүндүрүлүптүр. Мага жол картасы эмес, Бажы биримдигине кирсек дыйкандарга, базардагы соодагерлерге кандай пайда алып келери керек. Бул маселеге каршы эмесин, бирок кенен маалымат ала албай жатам”,- деди депутат.