Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева Оштогу оорукананын кызматкерине козголгон кылмыш иши боюнча сурактан өтүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева Ош шаарындагы кургак учук ооруканасынын кызматкерине козголгон кылмыш иши боюнча сурактан өтүүдө. Муну парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин Башкы прокуратураны кескин сынга алышы – депутат эжесинин ишине байланыштуу.

“Кечээ баяндамасында акыйкатчынын эки сөзүнүн бири Башкы прокуратура болду. Айтылган сындын себеби болуш керек да. Бул жеке кызыкчылыктын айынан болду. 2013-жылы Ош шаарындагы кургак учук ооруканасынын кызматкерине карата кылмыш иши козголгон. Ал иш боюнча силердин кесиптешиңер Урмат Аманбаева сурактан өтүүдө. Акыйкатчы Аманбаев кампаниясын өтө эрте баштап алды. Балким, анын эжесине айып тагылбай калышы мүмкүн да”,- деди башкы прокурор. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан