"Социалдык фонддун 2013-жылга бюджети жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 13-мартында кабыл алган мыйзамда Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин мурда бекитилген негизги параметрлери такталды.

Мисалы, Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 34 миллиард 806 миллион 9 миң сомду жана чыгашалар 34 миллиард 489 миллион сомду түзөт. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан