УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Бүгүн “Атлетико” менен “Челси” кез келет

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алгачкы оюнунда бүгүн, 22-апрелде мадриддик “Атлетико” өз үйүндө лондондук “Челси” менен кез келет. Беттеш Бишкек сааты боюнча 00:45те орун алат.  

Кошумчалай кетсек, бул командалар 2 оюндун жыйынтыгы менен Чемпиондор Лигасынын финалчысын аныкташат. Жооптук оюн 30-апрелде Лондондо өтөт.

Командалардын башкы машыктыруучуларынын оюн тууралуу пикирлери:

Диего Симоне, “Атлетиконун” башкы машыктыруучусу:

“Ооба, бул эки команданын оюну окшош. “Атлетико” да, “Челси” да коргонууда мыкты. 2 команда тең чабуулга өз маалында чыгат жана стандарттык абалдарда мыкты. Оюн кыйын болот”.  

Жозе Моуринью, “Челсинин” башкы машыктыруучусу:

“Менин оюмча, бул беттешке кызыккандар көп жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында ойноону каалабаган машыктыруучу жана футболчу болбойт. Биз атаандашты сыйлайбыз. “Атлетиконун” оюнун изилдеп, анализдеп чыктык”. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Danel
2014-04-22 14:11:09
Челсиге ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан