Кечээ Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 2 күнгө созулган дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Хан Манас Кубогу жыйынтыкталды. Жалпысынан мелдешке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан 400гө жакын жаш дзюдо чеберлери катышты. Бул мелдеш 3-ирет өтүп жатат. Эреже боюнча, командалык эсепте 1-орунду алган өлкөгө Хан Манастын Кубогу тапшырылат. Бул жолкусунда Кубокту баарынан көп упай топтогон Казакстандын командасы жеңип алды.