Мамлекеттик орган кызматкерлеринин арасында биринчи жолу Спартакиада өткөрүлүп жатат
Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан 5-ноябрына чейин мамлекеттик орган кызматкерлеринин арасында биринчи жолу Спартакиада өтөт. Спартакиаданын программасына 10 спорттун түрү киргизилген (стол тенниси, тогуз коргоол, мини-футбол, волейбол, шахмат, бильярд, мылтыктан ок атуу, кол күрөш, таш көтөрүү жана дартс). Бүгүн борбор калаабыздын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда мелдешетин ачылыш аземи болуп өттү.