Асылбек Жээнбеков: "Ишенбай Абдуразаков бардык саясий кырдаалдарда калыстыктан тайган эмес"

Төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-мартта Улуттук кыргыз драма театрында өткөн мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаковду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Акыркы сапарга узатуу иш-чарасында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков сөз сүйлөдү. "Бүгүн Кыргызстандын эли дагы бир чыгаан уулунан ажырап, кабыргасы кайышып турган кези. Кыргыз дипломатиясы, кыргыз илими, кыргыз интеллигенциясы орду толгус оор жоготууга учурады. Ала-Тоодой нарк, Ысык-Көлдөй пейил күткөн акылман карыябызды жоктоп отурабыз. Ал бардык саясий кырдаалдарда акты ак, караны кара деп айтып, калыстыктан тайган эмес. Ишенбай Абдуразакович мамлекеттик жана коомдук ишмер катары гана эмес, элибиздин көсөм аксакалы катары да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп келди. Коомубузда азыр жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө, Кыргызстандын жаркын келечегине, акырындап калкыбыздын турмушу оңолуп, өнүккөн мамлекет куруларына Ишенбай аба чын дили менен ишенчү эле. Кудай буюрса, аксакалыбыз эңсеген күндөрдүн келери алыс эмес.

Ишенбай аганын дипломатиялык мектебинен тарбияланган шакирттери анын салып кеткен чыйырын даңгыр жолго айлантарына ишенебиз. Анын өмүр жолу, көп кырдуу бай тажрыйбасы келечек муундарга үлгү болот",- деди төрага.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан