Ош шаарын өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки программасы кабыл алынды

Ош шаардык мэриясынын имаратында 26-апрель күнү шаардык кеңештин 17-кезексиз сессиясы болуп өттү. Анда Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн программасы талкууга алынды. Сессияда депутаттардын көпчүлүгү иштелип чыккан программа ишке ашырууга, аткарууга боло турган пландар киргизилгени менен жана шаар элинин негизги көйгөйлөрүн камтый алганы менен айырмаланып турарын айтышты. Ал эми артыкчылыгы катары ар бир коюлган максаттын каржы булагы, убактысы так көрсөтүлгөнүн белгилеп, айрым депутаттар сунуштарды беришти.

Эске салсак, буга чейин 18-апрелде Ош шаарын өнүктүрүүнүн программасы коомдук талкууга коюлган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан